Редакцияот 31.03.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

  ЧЕТ-НУРА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Чет-Нура айылдык Кеңешинин XXVI чакырылышынын XIX сессиясы

 

2015-жылдын 31-марты № 19/1

 Чет-Нура айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жайыт

пайдалануучулардын бирикмесинин 2014-жылга бюджетинин

аткарылышын кароо, 2015-жылга бюджетин бекитүү жана

жайыт акыларын белгилөө жөнүндө

 

Чет-Нура айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2014-жылга бюджетинин аткарылышын угуп жана талкуулап, Депутаттардын Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кеңешинин XIX сессиясы 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.   Чет-Нура айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2014-жылга бюджетинин аткарылышы боюнча комитеттин төрагасы С.Ибаковдун отчёту канааттандыраарлык эмес деп табылсын.

2.    Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2015-жылга бюджетин бекитүү жана жайыт акыларын белгилөө кийинки сессияда каралсын.

3.    Бул токтомдун аткарылышын колго алуу айыл өкмөтүнүн  башчысы К.Кудайбергеновго тапшырылсын.

 

Чет-Нура айылдык

Кеӊешинин төрагасы

 

Ж.Жакыпов