Загрузка документа…
ЧЕТ-НУРА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Чет-Нура айылдык Кеңешинин XXVI чакырылышынын XX сессиясы
2015-жылдын 2-майы № 20/1
Чет-Нура айыл аймагынын жайыт пайдалануучулар бирикмесинин
2015-жылга бюджетин бекитүү жөнүндө
Чет-Нура айыл аймагынын жайыт пайдалануучулар бирикмесинин бухгалтери К.Асанбеков бирикменин 2015-жылга бюджетин депутаттарга 2 вариантта сунуштады. Бюджетин угуп жана талкуулап Депутаттардын Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кеңешинин XX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөтүнүн жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2015-жылга бюджети 1-вариант менен 600,0 миң сом менен бекитилсин.
2. Ички жайытка 33080 га бекитилсин.
3. Айыл өкмөтүндөгү ички жана сырткы (алыскы) жайыттарга көчүү конуу иш планга (бекитилген айылдык токтомдорго) ылайык жүргүзүлсүн.
4. Жайыт пайдалануучулар менен түзүлгөн келишимде көрсөтүлгөн малдан сырткары малга, мыйзамга ылайык административдик штраф салынып, алынсын.
5. Чет-Нура айыл аймагынын жайыт пайдалануучулар бирикмесинин сунушу мыйзамдарга ылайык бекитилип, аткарууга алынсын.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн жайыттар комитетинин төрагасы А.Исаковго тапшырылсын.
Чет-Нура айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Ж.Жакыпов |