Загрузка документа…
ЧЕТ-НУРА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 2-майы № 20/3
Айыл өкмөтү боюнча 2015-жылга айдап себүүнүн жана мал багуунун, коруктун тарифтерин бекитүү жөнүндө
Чет-Нура айыл өкмөтүнүн аймагында мал багуунун жана айдап себүүнүн тарифтерин бекитүү боюнча ар бир айылда айыл өкмөтүнүн, жайыттар комитетинин катышуусу менен чогулуштар болуп, тарифтер эл менен талкууга алынып, бекитилген.
Айдап себүүнүн жана мал багуунун коруктун тарифтери ар бир айылда өзүнүн ынтымагына жер шартына байланыштуу каралып, бекитилген.
Жогорудагы токтомдорду угуп жана талкуулап Депутаттардын Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кеңешинин XX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Орто-Саз айылынын 8.04.2015-жылдагы № 3, жана 26.04.2015-жылдагы № 8 токтому, Ак-Кыя айылынын 7-апрель 2015-жылдагы № 2 токтому, Чет-Нура айылынын 15-март 2015-жылдагы № 3 токтому, Орто-Нура айылынын 14-март 2015-жылдагы № 4\1, № 4\2, № 4\3 токтомдору, Ак-Булуң айылынын 28-апрель 2015-жылдагы № 4 токтому, Ийри-Суу айылынын 1-май 2015-жылдагы № 2 токтому, Төш-Булак айылынын 1-май 2015-жылдагы № 4 токтомдору бекитилсин.
2. Аталган токтомдорго ылайык иш алып баруу айыл өкмөтүнүн жайыттар комитетинин төрагасы А. Ибаковго жана ар бир айылдын айыл башчыларына милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы К. Кудайбергеновго тапшырылсын.
Төрагасы | Ж. Жакыпов |