Загрузка документа…
ЧЕТ-НУРА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 2-майы № 20\6
«Алтын Эмгекчил» жоопкерчилиги чектелген коомунун Көк-Мойнок участкасына геологиялык изилдөө иштерин жүргүзүү үчүн макулдук сураган катын кароо жөнүндө
«Алтын Эмгекчил» жоопкерчилиги чектелген коомдук бирикмеси чыгыш № 58\164 2.02.2015-жылдагы каты менен Көк-Мойнок участкасына мыйзамга ылайык геологиялык изилдөө иштерин жүргүзүүгө макулдук сурап жазган каты, мындан мурдагы сессияларда каралып колдоо тапкан эмес.
Депутаттардын Чет-Нура айыл аймагынын айылдык кеңешинин XX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Алтын Эмгекчил» жоопкерчилиги чектелген коомунун Көк-Мойнок участкасына геологиялык изилдөө иштерин жүргүзүү элдин макулдугу менен ишке ашырылсын.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнү башчысы К.Кудайбергеновго, жер ресурсу боюнча тиешелүү туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Төрага |
Ж.Жакыпов |