Загрузка документа…
ЧЕТ-НУРА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2-май 2015-жыл № 20\8
Мамлекеттик салык кызматынын Нарын району боюнча башкармалыгынын 12-март 2015-жылдагы № 09/272 катында көрсөтүлгөн сунушту кароо жөнүндө
Мамлекеттик салык кызматынын Нарын району боюнча башкармалыгынын 12-март 2015-жылдагы № 09/272 катында көрсөтүлгөн сунушту карап жана талкуулап,
Депутаттардын Чет-Нура айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги XXVI чакырылышынын XX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бүгүнкү күндө айыл тургундары пайдаланып жаткан айыл чарба жерлердин көпчүлүгү жана жайыт аянттары Жогорку Нарын ГЭСтери каскадынын биринчи кезекте курулуучу обьектилерин куруу үчүн берилип жаткандыгына байланыштуу жер аянттары азайып, айылдардын тургундары тарабынан айыл чарба иштерин жүргүзүүдө көйгөйлөр пайда болуп жаткандыгына байланыштуу сунушта көрсөтүлгөн базалык ставкалар өзгөрбөстөн мурункудай калтырылсын.
2. Бул токтомду тиешелүү органдарга жеткирүү жагы Чет-Нура айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башкы бухгалтери К.Ибраевага милдеттендирилсин.
Төрага | Ж.Жакыпов |