Загрузка документа…
2015-жылдын 12-сентябры № 22/2
Чет-Нура айыл өкмөтүнө караштуу Орто-Нура, Ак-Булуң жана Орто-Саз айылдарына биометрикалык чуңкурдун жер аянтын башка түргө (прочие земель) которуу жөнүндө
Чет-Нура айыл өкмөтүнө караштуу Орто-Нура, Ак-Булуң жана Орто-Саз айылдарына биометрикалык чуңкур куруу үчүн Нарын жерге жайгаштыруу экспедициясынын 10-июль 2015-жылдагы №275 аныктамасынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу куурчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин Нарын аймактык башкармалыгынын 15-июль 2015-жылдагы № 91-в, № 92-в жана № 59-в корутундусунун негизинде “Чий-Булуң” участкасы №2727 контурдагы 0,05га жер аянты, “Жылтыр Сарайдын Үстү” участкасы №2464 контурдагы 0,05 га жер аянты жана “Кара-Коо” участкасы №2472 контурдагы 0,05 га жер аянты таштак жайыттан башка жерлер түрүнө (прочие земли) которуга жатат. Жогорудагыларды угуп жана талкуулап Депутаттардын Чет-Нура айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXVI чакырылышынын кезексиз XXII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Нарын жерге жайгаштыруу экспедициясынын 10-июль 2015-жылдагы № 275 аныктамасы жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу куурчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин Нарын аймактык башкармалыгынын 15-июль 2015-жылдагы № 91-в, № 92-в жана № 59-в корутундусунун негизинде биометрикалык чуңкур куруу колдоого алынсын.
2. “Чий-Булуң” участкасы №2727 контурдагы 0,05 га, “Жылтыр Сарайдын Үстү” участкасы № 2464 контурдагы 0,05га жана Кара-Коо участкасы № 2472 контурдагы 0,05 га жалпысы 0,15 га жер аянты таштак жайыттан башка жерлер түрүнө (прочие земли) которуп берүү жагы Нарын райондук мамлекеттик администрациясына сунушталсын.
3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүн башчысы К.Кудайбергеновго тапшырылсын.
Төрага |
Ж.Жакыпов |