Загрузка документа…
2015-жылдын 29-декабры №24/2
Чет-Нура айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнөн акча каражатынын кыскартылгандыгына байланыштуу чыгаша бөлүгүн кыскартуу жөнүндө
2015-жылдын Чет-Нура айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнүн киреше салыгынан 26 500 (жыйырма алты миң беш жүз) сом акча каражаты кыскаргандыгына байланыштуу, 26500 (жыйырма алты миң беш жүз) сомду чыгаша бөлүгүнөн кыскартуу боюнча Чет-Нура айыл аймактык кеңешинин депутаттары угуп жана талкуулап,
Чет-Нура айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чет-Нура айыл өкмөтүнүн 2015-жылдын жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүгүнөн төмөндөгү статьялардан кыскартылсын:
Статья 22221100 – 26500 (жыйырма алты миң беш жүз) сом.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Чет-Нура айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысы К.Ибраевага тапшырылсын.
Төрага |
Ж.Жакыпов |