Загрузка документа…
«КЫРГЫЗСТАН» АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 9-августу №129
(«Кыргызстан» айыл округунун 2010-жылдагы бюджетининин аткарылышы жөнүндө)
«Кыргызстан «айыл округунун 2010-жылга бюджеттин аткарылышы жонундо ФЭБ башчысы К.Тыналиеванын маалыматын айыл Кенешинин XVIII сессиясында карап, талкууга алынгандан кийин «Кыргызстан» айыл округунун маалыматы менен Манас райондук казынасынын (РОК) маалыматында корсотулгон чыгымдар менен так келбегендигине байганыштуу маалымат бекитилбей 2010 -жылдын бюджетинин аткарылышы жонундогу маалыматты кайра кароого чечим кабыл алынган. «Кыргызстан» айыл Кенешинин алдындагы «Бюджет» боюнча туруктуу комиссиясында кайрадан берилген маалыматтар алдын- ала каралып жана талкууланып, сессияга жонотулгон. Сессияда «Кыргызстан» айыл округунун 2010-жылдагы бюджетининин аткарылышы жонундо ФЭБ башчысы К.Тыналиеванын маалыматын экинчи жолу угуп жана талкуулап, Кыргызстан айыл Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргызстан айыл округунун 2010-жылга бюджеттин киреше жана чыгаша болугунун аткарылышы каанаттандырарлык эмес деп табылсын.
2. Бюджеттеги сметада бөлүштүрүлгөн акча каражаттарынан тышкары айыл Кенешинин макулдугу жана токтому жок максатсыз пайдалангандыгы жана да финансылык одоно бузууларды кетиргендиктерине байланыштуу иш чара көрүүгө укук-коргоо органына жөнөтүлсүн.
Кыргызстан айылдык кеңешинин төрайымы |
Ч.Т.Абдрахманова
|