Редакцияот 27.09.2011
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

«КЫРГЫЗСТАН» АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

2011-жылдын 27-сентябры №138

Кыргызстан айылдык Кенешинин депутаты Ч. Абдрахманованын ордуна кезекте турган талапкерди бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын «Жергиликтуу кенештердин депутаттарынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 5-беренесинин Кыргыз Республикасынын шайлоо жөнүндөгү Кодексинин 87-беренесинин негизинде Кыргызстан айыл округунун айылдык Кенеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Түндүк округу боюнча депутат Ч. Абдрахманованын Кыргызстан айылдык округунун башчысы болуп шайлангандыгына байланыштуу депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулсун.

2. Түндүк округу боюнча шайлоочулардын көп добушун алып, кезекте тургандыгына байланыштуу Батырбеков Тынычбек Токтосунович айыл Кенешинин депутаттыгына бекитилсин.

3. Талас областтык шайлоо комиссиясынан ушул токтомду бекитип берүү жагы суралсын.

 

Кыргызстан айылдык кеңешинин төрагасы

 

Д. Асылбеков