Загрузка документа…
ТАЛАС ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 12-августундагы №178/29-5
Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин Регламентине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамына ылайык,
Депутаттардын Талас шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талас шаардык кеңешинин 2008-жылдын 13-октябрындагы №2/1-5- токтому менен
бекитилген депутаттардын Талас шаардык кеңешинин Регламентине төмөнкү редакцияда
өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
“Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндөгү” мыйзамы “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” мыйзамынын 65-беренесинин 3-пунктуна ылайык күчүн жоготкондугуна байланыштуу Регламентте “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” мыйзамы деген сөз колдонулсун.
-Регламентте депутаттык группа деген сөз депутаттык фракция деп өзгөртүлүп колдонулсун.
2-глава пункт 2.2 төмөндөгү редакцияда баяндалсын:
“2-глава пункт 2.2. Шаардык кеңештин ыйгарым укуктары.
2.2. Шаардык кеңештин сессияларында төмөндөгү тиешелүү маселелер каралат:
- шаардын мэрин шайлоо
- шаардын мэрине ишенбестик билдирүү
- мыйзамдарда бекитилген шаар жерлерине салыктын базалык ставкалардын чегинде шаар жерлерине салыктын жиктелген ставкаларын белгилөө.”
6-глава төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:
“6-глава. Депутаттык фракция.
6.1. Депутаттык фракция – шаардык кеңешке шайланган депутаттардын ичинен түзүлгөн шаардык кеңештин депутаттарынын тобу.
6.2. Шаардык кеңештин депутаттары депутаттык фракцияларга биригишет (Мындан ары – фракциялар) .
Өзүнүн түзүлгөндүгү жөнүндө расмий жарыялаган, депутаттык мандарттардын жарымынан көпчүлүгүнө ээ болгон фракция же фракциялардын коалициясы шаардык кеңеште көпчүлүк деп эсептелет. Көпчүлүктүн фракциясынын же фракцияларынын коалициясынын курамына кирбеген фракция же фракциялардын коалициясы, шаардык кеңештеги азчылык деп эсептелет.
Депутаттык фракциялар тең укуктарга ээ.
6.3 Депутаттык фракция фракциянын курамына кирүү жөнүндө каалосун билдирген депутаттардын чечими менен каалаган убакытта түзүлүшү мүмкүн. Шаардык кеңештин депутаттары курамы 7 депутаттан кем эмес депутаттык фракция түзүүгө укуктуу. Шаардык кеңештин депутаты бир гана фракцияга кирүүгө укуктуу.
Фракциянын аталышын, курамын, жетекчисинин жана мүчөлөрүнүн аты – жөнүн көрсөтүү менен депутаттык фракцияны түзүү жөнүндөгү арызды фракция шаардык кеңештин төрагасына тапшырат. Депутаттык фракция түзүү жөнүндө арызга фракциянын баардык мүчөлөрү кол коюшат.
Фракциялардын иш тартиби жана фракциядан чыгуунун шарты, фракциянын өзүндө аныкталат.
Фракциялар коалицияга биригүүсү мүмкүн. Фракциялардын коалицияга биригүүсү фракциялардын макулдугу менен жасалат.
6.4 Фракцияларды каттоо анын түзүлүшү боюнча жазуу түрүндө билдирүү түшкөндөн эки күндөн кечиктирилбей шаардык кеңештин аппараты тарабынан жүргүзүлөт.
Депутаттык фракцияларды каттоо жөнүндөгү маалымат шаардык кеңештин сессиясында жарыяланат.
5 Депутаттык фракциялар коалицияга биригүү жөнүндө макулдашуу түзүшөт.
Фракция Регламенттин негизинде катталбаса фракциянын укуктарынан пайдалана албайт.
Фракция шаардын мэринин кызмат ордуна талапкерди сунуштоого укуктуу”. 7-главанын 7.5 жана 7.6 пункттары менен толукталып төмөндөгү редакцияда баяндалсын:
“7-глава. Шаардык кеңештин биринчи сессиясы
7.5 Шаардык кеңештин жыйналышы депутаттардын жалпы санынан кеминде жарымынан көбү катышса, укук ченемдүү болот.
7.6 Шаардык кеңештин депутаты кеңештин сессияларында же туруктуу комиссиялардын же жергиликтүү кеңеш тарабынан түзүлгөн башка органдардын жыйналыштарында жеке кызыкчылыгын, башкача айтканда өзү, анын жубайы, ата-энеси, балдары, бир туугандары жана эже, карындаш – сиңдилери үчүн материалдык пайданы көздөгөн маселени кароого катышууга жана добуш берүүгө тийиш эмес.”
10-главанын 10.7 жана 10.14 пункттарында өзгөртүүлөрү жана толуктоолору төмөндөгү редакцияда баяндалсын:
“10-глава. Шаардык кеңештин сессияларды өткөрүүнүн тартиби.
10.7 Жыл ичинде кеңештин сессияларында жүйөлүү себепсиз экиден ашуун катышпаган депутаттардын тизмеси шаардык кеңештин чечими менен массалык маалыматтар каражаттарына жарыяланышы мүмкүн
10.14 Коомдук тартипти сактоо максатында шаардык кеңештин сессиясында депутаттык мандатка ээ болбогон катышуучулар шаардык кеңештин төрагасынын макулдугусуз өз ойлорун билдире алышпайт.”
2.Бул Токтомду белгиленген тартипте массалык маалымат каражаттарына жарыялоо жана Талас областтык юстиция башкармалыгынын мамлекеттик реестринен укуктук актыларды өткөрүү жагы шаардык кеңештин жоопту катчысы А.Сариевага жүктөлсүн
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын депутаттардын Талас шаардык
кеңешинин “Мандат маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын” төрагасына (Үркүнбаев Ж.Д) жана “Депутаттык этика, мыйзамдуулук, укук тартиби, жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча туруктуу комиссиясынын” төрагасына (Эсенбеков А.С.) жүктөлсүн.
Төрага | А.Джузупбеков
|