Загрузка документа…
ОРО АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2010-жылдын 6-февралы № 2
Өкмөтүнүн 2008-жылдагы социалдык - экономикалык көрсөткүчтөрүнүн аткарылышы жөнүндөгү отчетун жана 2010 -жылдын бюджетин бекитүү жөнүндө
l.Opo айыл Окмотунун 2008-жылдагы бюджетинин отчёту: кирешелер боюнча 6064,8 миң сом жана чыгашалар боюнча 6033,4 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
2. Оро айыл Өкмөтүнүн 2010-жылга бюджетинин көлөмү кирешеси жана чыгашасы менен 5836,1 миң сом суммасында баланс менен бекитилсин. Киреше булактары төмөндөгүдөй түзүлсүн:
1. Юридикалык тараптан алынган жер салыгы. - 506,0
2. Физикалык жер салыгы -150,0
3. Айыл чарбасына кирбеген жер салыгы -20,0
4. Транспорт ээлеринен алынган салык -167,0
5. Патенттонун негизиндеги налог -75,0
6. Кыймылсыз мүлккө алынган салык -5,0
7. Сатыктан түшкөн салык -10,0 8. КБФ ижара акысы -107,0
9. Алыскы жайыттын аренда акысы -10,0
10. Мамлекеттик алым -12,0
11. Админстративдик штраф -1,0
12. Категориальдык грант -3980,6
13. Теңдөөчү грант -792,5
Жыйынтыгы: 5836,1 миң сом.Чыгашалар 5836,1 миң сом өлчөмүндөгү төмөндөгү бюджети боюнча бекитилсин
Анын ичинен:
1. Башкаруу аппарытына: 1464,5
2. Билим берүү бөлүмүнө: 4182,5
3. Социалдык камсыздоо: 53,5
4. Маданият бөлүмүнө: 78,6
5. ЖКХ 57,0
Жыйынтыгы: 5836,1 миң сом.
3. 2010-жыл үчүн Кыргыз Республикасынын каржы министрлиги тарабынан бөлүнгөн акча каражаты айыл Өкмөтүнүн башкаруу аппаратынын кызматкерлеринин жана мугалимдердин эмгек акысына, соц фондко чегерүү үчүн эсептелинген чыгымга гана жетери белгиленсин.
4. 2010-жылдын бюджети боюнча айыл өкмөтүнө түшүүчү жергиликтүү киреше булактарьшын жетишпегендигинен башка чыгымдар үчүн 1417,4 миң сом акча каражатын республикалык бюджеттен тендөөчү грант бөлүштүрүп берүү жагы Кыргыз Республикасынын Каржы Министрлигинен суралсын.
5. Жыл ичинде жергиликтүү киреше булактары бюджете белгиленген суммадан ашык түшсө, ал суммага жараша бюджеттин чыгаша бөлүгүнө өзгөртүү киргизүү жагы айылдык округдук Кеңештин сессиясына сунушталсын.
6. 2010-жылдын 1-январынан айылдык бюджеттин накталай кассалык акча жүгүртүү көлөмү 2,0 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
7. Бюджетти аткаруу процессинде зарыл учурда разделден разделге, статьядан статьяга жылдыруу финансы - экономикалык бөлүмүнүн жана айылдык округдук
Кеңештин бюджеттик комиссиясынын сунушунун негизинде айылдык округдук Кеңештин сессиясынын токтомуна ылайык жүргүзүү жагы белгиленсин.
8. Бакай- Ата районунун мамлекеттик администрациясынын 2010-жылдын 12-февралындагы № Б-04/11 буйругунун негизинде бюджеттен өзгөчө кырдаалдарга биринчи жардам көрсөтүү үчүн 30,0 миң сом өлчөмүндө резервдик фонд түзүлсүн.
9. Ошондой эле 2008-жылдын 13-июнундагы « Кыргыз Республикасынын жергиликтүү Мамлекеттик администрациясынын облустардын губернаторлорунун резервдик фондун түзүү жөнүндөгү жобосун бекитүү тууралуу» № 297 токтомунун негизинде айыл округ башчысынын резервдик фондко 25,0 миң сом каралсын.
10. 2009- жылдын финансылык жыйынтыгы боюнча аныкталган 3824 сом акча каражаты, башкача айтканда чыгашадан ашкан киреше айыл өкмөтүнүн карамагына калтырылсын жана айыл өкмөт башчысынын буйругу менен керектүү муктаждыктарга жумшалсын.
11. 2010-жылдын бюджетинин киреше, чыгашасы мыйзамдуулуктун негизинде аткарылуусу, токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык округдук Кеңешке жана бюджеттик комиссияга тапшырылсын.
Оро айылдык кеңешинин төрагасы |
А. Айтпаев |