Загрузка документа…
БЕРДИКЕ БААТЫР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011 жылдын 3 марты № 12
(Депутаттардын Бердике баатыр айылдык Кеңешинин 2011-жылдагы бюджетин бекитүү жөнүндө)
Депутаттардын Бердике баатыр айылдык Кеңешинин 2011-жылдагы бюджетин бекитүү жөнүндө
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бердике баатыр айылдык Кеңешинин 2011-жылдагы бюджетинин киреше бөлүгү 9053,1 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
2. Бердике баатыр айылдык Кеңешинин 2011-жылдагы киреше бөлүгү -6330,4 миң сомго, чыгаша бөлүгү -6330,4 миң сомго белгиленсин.
3 Бердике баатыр айылдык Кеңешинин чыгаша бөлүгү № 2-тиркемеге ылайык булактардан турары белгиленип, бекитилсин.
4. Бердике баатыр айылдык Кеңешинин бюджетинин 2011-жылга накталай кассалык акча жүгүртүү каражаттарынын көлөмү №3-тиркеменин негизинде белгиленип, бекитилсин.
5. Бердике баатыр айылдык Кеңешинин бюджетинин 2011-жылга карата билим беруу тармагына категориялык гранттын өлчөмү № 4-тиркемеге ылайык белгиленип, бекитилсин.
6. Бердике баатыр айылдык Кеңешинин 2011-жылдагы бюджетинин чыгаша бөлүгү боюнча жалпы өлчөму № 5-тиркемеге ылайык белгиленип, бекитилсин.
7. 2011-жылга карата чыгашаларынын көлөмүн 1 пайыздагы резервтик фонд түзүлсүн.
8. Бердике баатыр айылдык Кеңешинин 2011-жылдагы бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн расчеттору №7- тиркемеге ылайык белгиленип . бекитилсин.
9. Калбыл алынган Токтомдун туура жана так аткарылышына көзөмөлдүктү жүргүзүү айылдык Кеңештин «Айыл чарба экономикалык реформалардын жүрүшү жана бюджет» боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
10. Бердике баатыр айылдык Кеңешинин чакырылышынын сессиясында депутаттардын 2011-жылга бюджетин бекитүүдө караган пикир келишпестиктин негизинде Кыргыз Республикасынын финансы министирлигинен суралсын
11. 2011-жылдын социалдык өнүгүү божомолу бекитилсин.
12. Бердике баатыр айылдык Кеңешинин 2011-жылга бюджетинин долбоору боюнча киреше жана чыгаша бөлүгү боюнча 2011-жылга 6330,4сом өлчөмүндө бекитилсин.
13. Кыргыз Республикасынын салык кодексинин негизинде жергиликтүү бюджетти бөлүмүн чындоо максатында төмөндөгү салыктар жана жыйымдар киргизилсин жана аларды алардын ставкалары төмөндөгүдөй өлчөмдө бекитилсин.
13.1 Эл ташуу жана ташуу боюнча кызмат көрсөткөн жеке ишкерлер учун ай сайын 250 сомдон белгиленсин.
13.2 Элдин жеке малдарын багуу аркылуу кызмат акы көрсөтүүдөн:
а) кой-эчкилер мал башына тыйындан
б) Бодо мал башына сомдон бир сезонго алынсын. Салык төлөөнүн мөөнөтү 25-октябрь 2011-жылга чейин белгиленсин.
13.3 Транспорт ээлеринен алынуучу салык менчик авто транспорттору жана айыл чарба техникалары бар Кыргыз Республикасынын жарандары жана атуулдугу жок жактар салык төлөөчү болуп эсептелинет. Салык чегеруу объектиси жана өлчөмү КР Салак кодексинин 198 статьясынын негизинде жүргүзүлсүн. Жыйындын бюджетке чегерүү мөөнөтү ар бир айдын 20 числосу деп белгиленсин. Салык төлөөнүн мөөнөтү үстүбүздөгү жылдын –августуна чейин деп белгиленсин.
14. Айыл округунун мекеме уюмдарынын жыл ичинде каржылоо чыгымдарына зарыл болгон учурда бир бөлүмдөн экинчи жана статьядан статьяга чейректен чейрекке жылдыруу жагы айыл өкмөтүнүн финансы бөлүмүнө жүктөлсүн.
15. Токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк жүргүзүү жагы Бердике баатыр айыл округунун айылдык Кеңешинин алдындагы бюджет комиссиясына жүктөлсүн.
Бердике баатыр айыл кеңешинин төрайымы |
Ж.Намазбекова |