Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
1998-жылдын 15-январы ПУ № 8
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын чыгымдардын бюджетин түзүүнүн негизги принциптери жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 42-статьясынын үчүнчү бөлүгүнө жана 46-статьясынын биринчи бөлүгүнө, "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндөгү" Мыйзамдын 40-статьясына ылайык
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы өзү жүргүзгөн акча-кредит саясатынын негизги багыттарын бир жылда эки жолу Кыргыз Республикасынын Президентинин жактыруусуна сунуш кылсын.
2. "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын чыгымдарынын бюджетин түзүүнүн негизги принциптери" бекитилсин (тиркелет).
3. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасынын эмгек акысы республиканын коммерциялык банктарынын Башкармаларынын төрагаларынын эмгек акысынын орточо өлчөмүнүн 0,75 өлчөмүндө белгиленсин.
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасынын айлык кызмат акысын эсептөө үчүн коммерциялык банктар Кыргыз Банкынын талабы боюнча Башкармалардын төрагаларынын эмгек акылары тууралуу маалыматтарды беришсин.
4. "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын чыгымдарынын бюджетин түзүүнүн негизги принциптери" жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасынын айлык кызмат акысын белгилөөнүн бекитилген тартиби 1988-финансы жылынан баштап жайылтылсын.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
А.Акаев |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
1998-жылдын 15-январы ПУ № 8
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын чыгымдардын бюджетин түзүүнүн негизги принциптери жөнүндө
(КР Президентинин 2013-жылдын 7-июнундагы ПЖ № 139 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 42-статьясынын үчүнчү бөлүгүнө жана 46-статьясынын биринчи бөлүгүнө, "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндөгү" Мыйзамдын 40-статьясына ылайык
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы өзү жүргүзгөн акча-кредит саясатынын негизги багыттарын бир жылда эки жолу Кыргыз Республикасынын Президентинин жактыруусуна сунуш кылсын.
2. "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын чыгымдарынын бюджетин түзүүнүн негизги принциптери" бекитилсин (тиркелет).
3. (КР Президентинин 2013-жылдын 7-июнундагы ПЖ № 139 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)