Загрузка документа…
КАЙЫНДЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011 жылдын 30 ноябыры № 25/20-70/3
Кайыңды айылдык аймагына караштуу жайыттарды пайдалануусун иретке келтирүү боюнча
Кайыңды айылдык аймагына караштуу жашоочуларынын малы көбөйдү, жакынкы жайыттарга башка айылдын малы көп санда келип жатат, жакынкы жайттарды рационалдуу мыйзага ылайык пайдалануу максатында жакынкы жайыттарга сырттан келген малды киргизбөөнү жергиликтүү эл талап кылып жатат. Депутаттар, жайыттарды жакшыртуу боюнча көзөмөлдөө иштери жүргүзүү «Жайыт бирикмесинин» түздөн түз милдети болуп саналгандыктан, сырттан келип сарай сатып алган көп малы бар адамдарга жакынкы жайыттарды пайдаланууга тыйюу салуу боюнча сунуш киргизишти.Күн тартибиндеги маселени карап, Кайыңды айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кайыңды айылдык аймагына караштуу сарайларды сырттан келип сатып алган көп малы бар адамдарга, жакынкы жайыттарды пайдаланууга тыйюу салынсын.
2. Кайыңды айылдык аймагына караштуу жайыттарды пайдалануусун иретке келтирүү жана Кыргыз Республикасынын «Жайттарды пайдалануу» боюнча мыйзамына ылайык иш жүргүзүү жагы «Жайыт бирикмесине» милдеттендирилсин.
Кайыңды айылдык кеңешинин төрагасы |
А.Мураталиев |