Загрузка документа…
ТАЛАС ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 24-ноябры № 195/32-5
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 06.09.2011-жыл №392-р буйругуна ылайык, Талас шаардык жылуулук берүү ишканасын “Киржилкоммунсоюз” мамлекеттик ишканасынын тутумунан ажыратып, муниципалдык менчикке өткөрүүгө каршы пикир билдирүү жөнүндө
Талас шаардык мэриясынын 2011-жыл 22-ноябрындагы №01-3/944 сандуу жана Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча Улуттук агенттигинин 2011-жылдын 1-ноябрындагы №01-16/305 сандуу катына ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 06.09.2011-жыл №392-р сандуу буйругунун негизинде Талас шаардык жылуулук берүү ишканасын муниципалдык менчикке өткөрүү боюнча тизмеге кирген. Жергиликтүү бюджеттин тартыштыгын эске алуу менен Депутаттардын Талас шаардык кеңеши маселени карап чыгып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талас шаардык жылуулук берүү ишканасын муниципалдык менчикке өткөрүүгө жергиликтүү бюджеттин мүмкүнчүлүгү чектелүү экендигине байланыштуу “Киржилкоммунсоюз” мамлекеттик ишканасынын тутумунда калтыруу жагы жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 06.09.2011-жыл №392-р буйругунун негизинде муниципалдык менчикке өткөрүү боюнча түзүлгөн тизмеден Талас шаардык жылуулук берүү ишканасын чыгаруу жагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө сунушталып, сессиянын чечимин колдоо суралсын.
3. Кабыл алынган токтом Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча иштери боюнча Улуттук агенттигине жөнөтүлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Талас шаардык кеңешинин жоопту катчысына (А. Сариева) жүктөлсүн.
Төрага | А. Джузупбеков
|