Загрузка документа…
ТАЛАС ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 24-ноябры №192/32-5
Талас шаарынын борбордук базарынын аймагындагы муниципалдык жерлерге акы төлөп автоунаа токтоочу жайларды уюштуруу жана автоунаа каттамдарын жөнгө салуу схемасын жана жумушчу топтун жобосун бекитүү жөнүндө
Талас шаардык жергиликтүү өз алдынча башкаруу мэриясынын 2011-жылдын 23-ноябрындагы №01-3/946 сандуу катына ылайык , Депутаттардын Талас шаардык кеңеши.
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Талас шаардык мэриясынын 2011-жылдын 23-ноябрындагы №01-3/946 сандуу катына(тиркеме №1) ылайык, Талас шаары боюнча автоунаа токтоочу жайларын уюштуруу жана автоунаа каттамдарын жөнгө салуу боюнча схемасы бекитилсин.
2.Талас шаардык мэриясынын 2011-жылдын 23-ноябрындагы №01-1/946 сандуу катына (тиркеме №2) ылайык, Талас шаарынын борбордук аймагындагы муниципалдык жерлерге акы төлөнүүчү автоунаа токтоочу жайларды уюштуруу жана автоунаалардын каттамын жөнгө салуу боюнча жумушчу топтун жобосу бекитилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Талас шаардык кеңешинин жооптуу катчысына (А.Сариева) жүктөлсүн.
Төрага | А.Джузупбеков
|