Загрузка документа…
ТАЛАС ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 27-сентябры № 183/31-5
Талас шаарынын жергиликтүү бюджетинин 2011-жылдагы 8 айынын аткарылышы жөнүндө
Талас шаарынын 2011-жылдагы 8 айынын жергиликтүү бюджеттин аткарылышын карап чыгып, депутаттардын Талас шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талас шаарынын 2011-жылдагы 8 айынын жергиликтүү шаардык бюджеттин аткарылышын официалдуу трансферттерди жана атайын каражаттарды кошкондо кирешелер боюнча 75728,7 миң сом суммасында анын ичинде мамлекеттик салыктар жана жыйымдар 29583,1 миң сом көлөмүндө жана жалпы чыгашалар боюнча 69524,1 миң сом суммасында бекитилсин.
2. 2011-жылы 8 айынын жергиликтүү бюджетин аткаруу учурунда мамлекеттик салыктар планга карата 1155,5 миң сомго ашык аткарылышы бекитилсин.
3. Талас шаарынын мамлекеттик салык кызматы боюнча башкармалыгынын башчысы (А.Жайнаков) 2011-жылга бекитилген жергиликтүү бюджетинин киреше булагын аткарууну камсыз кылсын.
4. Кабыл алынган токтом Талас шаардык «Жаны багыт» газетасына жарыялансын.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдүк кылуу жагы шаардык кеңештин «Бюджет жана муниципалдык менчикти башкаруу маселелери боюнча» туруктуу комиссиясына (А.Байталиев) тапшырылсын.
Төрага | А.Джузупбеков
|