Загрузка документа…
ТАЛАС ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 24-ноябры № 190/32-5
Талас агрардык экономикалык колледжине” Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер”, “Кыргыз Республикасынын президентинин Ардак грамотасынын ээси”, Талас жергесинин “Чыгаан атуулу”, биология илимдеринин кандидаты Шаршенбай Абдукаимовдун ысымын ыйгаруу жөнүндө
Талас агрардык экономикалык колледжинин уюшулгандыгынын 20 жылдыгына карата, окуу жайдын эмгек жамаатынын жалпы жыйынынын протоколунун чечимине ылайык, сунуштамасын Депутаттардын Талас шаардык кеңеши карап чыгып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын билим берүү тармагына кошкон зор салымы жана анын ичинде Талас жергесинде жогорку даражадагы айыл чарба колледжин түптөп, жаштарга атайын билим берүү боюнча сиңирген эмгегин эске алып, Шаршенбай Абдукаимовдун ысымын Талас агрардык экономикалык колледжине ыйгаруу жөнүндөгү колледждин эмгек жамаатынын сунушу колдоого алынсын.
2.Кабыл алынган токтом Кыргыз Республикасынын билим жана илим министрлигине жөнөтүлүп, сессиянын чечимин колдоо жагы суралсын.
3.Кабыл алынган токтом Талас шаарынын “Жаңы Багыт” газетасына жарыялансын.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы депутаттардын Талас шаардык кеңешинин жооптуу катчысына (А.Сариева) жүктөлсүн.
Төрага | А.Джузупбеков
|