Загрузка документа…
ТАЛАС ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 24-ноябры №191/32-5
Талас шаардык жергиликтүү өз алдынча башкаруусу-мэриясынын алдындагы “Курулуш куруужана жер пайдалануу” комиссиясынынжобосун жана комиссиянын курамынбекитүү жөнүндө
Талас шаардык жергиликтүү өз алдынча башкаруусу – мэриясынын 2011-жылдын 4-ноябрь №01-1/920 сандуу катында көрсөтүлгөн сунушунун негизинде жана 2005-жылдын 18-апрелиндеги депутаттардын Талас шаардык кеңеши тарабынан кабыл алынган №36/6-24 сандуу “Талас шаарынын курулуш куруу жана жер пайдалануу эрежеси жөнүндөгү” токтомуна ылайык, депутаттардын Талас шаардык кеңеши.
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талас шаардык жергиликтүү өз алдынча башкаруусу – мэриясынын 2011 жылдын 4-ноябрь №01-1/920 сандуу катына (тиркеме №1) ылайык, Талас шаардык жергиликтүү өз алдынча башкаруусу – мэриясы сунуштаган “Курулуш куруу жана жер пайдалануу” комиссиясынын жобосу бекитилсин.
2.Талас шаардык жергиликтүү өз алдынча башкаруусу – мэриясынын 2011-жылдын 4-ноябрь №01-1/920 сандуу катына (тиркеме №2) ылайык, Талас шаардык жергиликтүү өз алдынча башкаруусу – мэриясы сунуштаган “Курулуш куруу жана жер пайдалануу” комиссиясынын курамы бекитилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Талас шаардык кеңешинин жооптуу катчысына (А. Сариева) жүктөлсүн.
Төрага | А.Джузупбеков
|