Загрузка документа…
ТАЛАС ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 24-ноябры №194/32-5
Талас шаардык кеңешинин “Өнөр жай коммуналдык чарба, транспорт, курулуш, ишкерликти өнүктүрүү электр жана байланыш иштери боюнча” туруктуу комиссиясынын курамына өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 32-беренесинин 5 пунктуна ылайык, Депутаттардын Талас шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. №4 Университет шайлоо округунан шаардык кеңештин депутаты Кушубеков Анарбек Канатович, “Өнөр жай, коммуналдык чарба, транспорт, курулуш, ишкерликти өнүктүрүү, электр жана байланыш иштери боюнча” туруктуу комиссиянын курамынан чыгарылсын.
2. Жогоруда аталган депутаттын ордуна №4 Университет шайлоо округунан шаардык кеңештин депутаты Батырбаева Фатима Асанжановна “Өнөр жай коммуналдык чарба, транспорт, курулуш, ишкерликти өнүктүрүү электр жана байланыш иштери боюнча” туруктуу комиссиясынын курамына киргизилсин.
3. “Өнөр жай, коммуналдык чарба, транспорт, курулуш, ишкерликти өнүктүрүү, электр жана байланыш иштери боюнча” туруктуу комиссиясынын жалпы жыйынынын протоколунун чечимине ылайык, аталган комиссиянын төрагалыгына депутаттардын көпчүлүгүнүн колдоосу менен №5 Чыгыш шайлоо округунан Талас шаардык кеңешинин депутаты Кудайбергенов А.А бекитилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Талас шаардык кеңешинин жооптуу катчысына (А.Сариева) жүктөлсүн.
Төрага | А. Джузупбеков
|