Загрузка документа…
ТАЛАС ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 24-ноябры №189/32-5
Талас шаарындагы билим берүү тармагынын, “Теплокоммунэнерго” башкармалыгынын, Талас шаардык электр тармактар ишканасынын жана Талас шаарына коммуналдык кызмат көрсөтүү боюнча муниципалдык ишканасынын 2011-2012-жылдарга күз-кыш мезгилдерине карата даярдыктары боюнча маалыматын угуу жөнүндө
Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин, “Өнөр жай, коммуналдык чарба, транспорт, курулуш, ишкерликти өнүктүрүү, электр жана байланыш” иштери боюнча туруктуу коммиссиясынын берген маалыматына ылайык, Талас шаардык билим берүү тармагынын,”Теплокоммунэнерго” башкармалыгынын,Талас шаардык электр тармактар ишканасынын жана Талас шаарына коммуналдык кызмат көрсөтүү боюнча муниципалдык ишканасынын 2011-2012-жылдын күз-кыш мезгилдерине карата даярдыктары менен таанышып чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талас шаардык Билим берүү тармагынын, “Теплокоммунэнерго” башкармалыгынын, Талас шаардык электр тармактар ишканасынын, Талас шаарына коммуналдык кызмат көрсөтүү боюнча муниципалдык ишканасынын 2011-2012-жылдардын күз-кыш мезгилдерине карата даярдыктары боюнча маалыматында белгиленген жетишкендиктер менен катар кетирилген кемчиликтер эске алынсын.
2.Талас шаарындагы көп кабаттуу үйлөрдө жылуулукту сактоо боюнча иштердин өтө начар абалда экендиги эске алынуу менен Талас шаарына коммуналдык кызмат көрсөтүү боюнча муниципалдык ишканасына тез аранын ичинде тиешелүү иштерди жүргүзүүнү колго алуу жагы милдеттендирилсин.
3.Талас шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы -Б.Керимбаев, “Теплокоммунэнерго” башкармалыгынын башчысы-Н.Трибой, Талас шаардык электр тармактар ишканасынын жетекчиси –Н.Осмонов, Талас шаарына коммуналдык кызмат көрсөтүү боюнча муниципалдык ишканасынын (Сапалиев М.К) 2011-2012-жылдардын күз-кыш мезгилдерине карата иштеринде белгиленген кемчиликтерди четтетүү жагы тапшырылсын.
4.Жогоруда белгиленген кемчиликтерди тез аранын ичинде жоюу жана белгиленген сунуштарды эске алуу жагы Талас шаарынын 1-вице мэрине (К.Осмонов) милдеттендирилсин.
Төрага | А.Джузупбеков
|