Загрузка документа…
ТАЛАС ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 27-сентябры №185/31-5
Талас шаарынын аймагындагы 8860 даана тал-теректи муниципалдык менчик башкармалыгынын балансына өткөрүү жана реестрге өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Талас шаардык жергиликтүү өз алдынча башкаруусу-мэриясынын 2011-жылдын 15-апрелиндеги №90 “Талас шаардык муниципалдык менчиктеги тал-теректердин авариялык абалын аныктоо боюнча түзүлгөн комиссиясынын 2011-жылдын 11-майындагы актысы боюнча аныкталган жалпы 8860 даана тал-теректи, Талас шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгынын балансына өткөрүү жөнүндөгү 2011-жылдын 28-июлундагы №01-1/512 сандуу катын карап чыгып, депутаттардын Талас шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Талас шаарынын аймагындагы жалпы 8860 даана тал-терек муниципалдык менчик башкармалыгынын балансына өткөрүлсүн жана реестрге өзгөртүү киргизилсин.
2.Токтом массалык маалымат каражаттарына жарыялансын.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Талас шаардык кеңешинин жооптуу катчысына (А.Сариева) тапшырылсын.
Төрага | А.Джузупбеков
|