Загрузка документа…
КАРА-КУЛЖА РАЙОНДУК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
22-ноябры 2011-жылдын № 19/9
Кара-Кулжа районунун символикаларын иштеп чыгуу боюнча комиссия түзүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 31 – беренесинин 17-пунктуна жана депутаттардын Кара-Кулжа райондук Кеңешинин регламентине ылайык депутаттардын Кара-Кулжа райондук Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кара-Кулжа районунун символикалары болгон желеги жага гимни конкурс жарыялоо аркылуу иштелип чыгарылсын жана ал иштерди аныктоо максатында төмөндөгү курамда атайын комиссиясы түзүлсүн:
1. Алишов Азамат - Кара-Кулжа райондук Кеңешинин төрагасынын орун басары, №2 жети мандаттуу Кара-Кулжа шайлоо округунан депутат, комиссиянын төрагасы
2. Исманова Нурлан - Кара-Кулжа райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары, комиссиянын төрагасынын орун басары
Мүчөлөрү:
3.Капарова Жамила - №3 үч мандаттуу Жаңы-Талаа шайлоо округунан депутат
4.Асанов Турдубай - №6 төрт мандаттуу Алайку шайлоо округунан депутат
5.Шалтаков Зикир - №1 алты мандаттуу Таш-Кыя шайлоо округунан депутат
6. Жолдубаев Акмат - №2 жети мандаттуу Кара-Кулжа шайлоо округунан депутат
7. Чобоев Жумали - Кара-Кулжа районунун башкы архитектору
8.Турганбаев Иркамил - Райондук маданият бөлүмүнүн башчысы
9.Мырзаибраимов Шадыбек - Райондук “Мезгил үнү” гезитинин редактору
2. Түзүлгөн конкурстук комиссия райондун символикаларын иштеп чыгуу боюнча конкурстук Жобосун 2011-жылдын 25 –декабрына чейин иштеп чыгышсын.
3. Конкурска чыгымдалуучу акча каражатын чечип берүү жагы райондук финансы бөлүмүнүн башчысы С.А.Төлөновго милдеттендирилсин.
4.Токтом райондук “Мезгил үнү” гезитине жарыялансын.
Кара-Кулжа райондук кеңешинин төрагасы |
К. Алиязов |