Загрузка документа…
КЫЗЫЛ–КЫЯ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 19-апрели № 40/162
“Кызыл-Кыя шаарынын Асаналиев көчөсү боюнча автотранспорттук каражаттардын кыймылын жана автостоянкаларды уюштуруу Схематикалык планы” жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап чыгып, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 15-июлундагы №101 Мыйзамынын 31-беренесине негиз, Кызыл-Кыя шаарынын мэриясынын 2016-жылдын 11-апрелиндеги “Кызыл-Кыя шаарынын Кыргызстандын 60 жылдыгы, Молодежная жана Асаналиев көчөсүндөгү пайда болуп жаткан автотыгынды тартипке келтирүү максатында Асаналиев көчөсүнө автоунаа жолун бөлүүчү бордюрларды орнотуу жана автоунаалар токтоочу жайларды тиркелген схемага ылайык бекитип берүү жөнүндө” № 01-8/509 кайрылуукаты шаардык кеңештин ишкерлер, өнөр жай, транспорт, коммуникация жана агрардык маселелери боюнча туруктуу комиссиясында каралып, маселени шаардык кеңештин сессиясынын кароосуна сунуштоо боюнча кабыл алган чечимин эске алып, Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Кыя шаарынын Асаналиев Молодежная жана Кыргызстандын 60 жылдыгы көчөлөлөрүндө пайда болуп жаткан автотыгындарды азайтуу, автотранспорттук каражаттардын тоскоолдуксуз жүрүштөрүнө тийиштүү шарттарды түзүү жана аларды токтоочу жайларга жайгаштырууну иретке келтирүү, жүргүнчүлөрдүн жүрүшүнө тоскоолдуктарды төмөндөтүү максатында, Кызыл-Кыя шаарынын мэриясы тарабынан даярдалып сунушталган “Кызыл-Кыя шаарынын Асаналиев көчөсү боюнча автотранспорттук каражаттардын кыймылын жана автостоянкаларды уюштуруу Схематикалык планы” бекитилсин.
2. Кызыл-Кыя шаарынын мэриясы тарабынан сунушталып бекитилген “Кызыл-Кыя шаарынын Асаналиев көчөсү боюнча автотранспорттук каражаттардын кыймылын жана автостоянкаларды уюштуруу Схематикалык планына” ылайык шаардын Асаналиев көчөсү боюнча автотранспорттук каражаттардын кыймылын жана автостоянкаларды уюштуруу жүргүзүлүп, анын жыйынтыгы боюнча маалымат 2 (эки) айлык мөөнөттөн кийин берилсин.
3. Кызыл-Кыя шаарынын Асаналиев көчөсү боюнча автотранспорттук каражаттардын кыймылын жана автостоянкаларды бекитилген Схематикалык планга ылайык уюштуруу жагы Кызыл-Кыя шаарынын муниципалдык менчик департаментинин директору А.Эрматовго жана Кызыл-Кыя шаарынын жол кайгуул кызматынын башкы инспектору Ж.Мамыразаковго милдеттендирилсин.
4. Кызыл-Кыя шаарынын муниципалдык менчик департаментине (А.Эрматовго) Кызыл-Кыя шаарынын жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүн көбөйтүү максатында Асаналиев көчөсүнүндө уюштурулган авто унаалар токтоочу жайды, ошондой эле мындан ары шаардын аймагында жаңыдан уюштурулган автоунаа токтоочу жайлар конкурстук негизде берилсин жана авто унаа токтоочу жайларга жыйымдарды топтоо боюнча толук кандуу иштерди алып баруу жагы милдеттендирилсин.
5. Шаардын ичинде жана Үч-Коргон айылына жүргүнчүлөрдү ташуучу таксилер тийиштүү жерлерге жайгаштырылсын.
6. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин ишкерлер, өнөр жай, транспорт, коммуникация жана агрардык маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жана шаардын 1-вице-мэри А.Топчубаевке милдеттендирилсин.
Төрага |
А. Маткалыков |