Загрузка документа…
ТАШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 30-январы № 1/3
Таш-Дөбө айыл аймагындагы жайыт багытындагы жер тилкелерин башка категорияга которуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын жер кодексинин 15 беренесине жана Кыргыз Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы № 169 токтому менен бекитилген жер участокторун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндөгү убактылуу Жобого ылайык, Таш-Дөбө айыл аймагынын Сүйүмбаев айылдык Кеңешиинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жумгал районунун Таш-Дөбө айыл аймагынын «Кош-Булак» өрөөнүндө жайгашкан №535, №536, №537, №538, №539, №540 контурлары кирген жалпы аянты 3,70 га болгон жайыт катары пайдаланууга мумкүн болбогон асылдуулугу төмөн жер тилкесин суу сактоочу жай жана чакан ГЭСтерди куруу максатында кошумча «Кашка-Суу» өрөөнүнүн оозунда жайгашкан №594 контурундагы 2,40 га жерден 0,40 га жер ГЭС курууга бөлүнүп суу фондусунун жерлерине которууга макулдук берилсин. Жалпы 4,10 га жер.
2. Таш-Дөбө айыл аймагына тиешелүү 4,10 га жайыт жери категориясынан суу фондусунун жерлерине которуу (трансформациялоо) иштери аяктагандан кийин чакан ГЭСтерди, гидротехникалык, энергетикалык курулмаларын куруу үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык «ДАТТ ЭНерджи» жоопкерчилиги чектелген коомуна узак мөөнөткө келишимдин негизинде бекитилип берилсин.
3. «Кош-Булак» өрөөнүндөгү №535 контурдан «Кашка-Суу» өрөөнүнүн оозундагы №594 контуруна чейинки аралыктагы суунун жээгинен жалпы аянты 7 га жер ГЭС курууга суу түтүктөрүн алып өтүүгө берилсин.
4. Жумгал райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде айыл чарба өндүрүшүнүн чыгым жоготуулары көрсөтүлгөн пайда үчүн төлөмдөрү «ДАТТ ЭНерджи» жоопкерчилиги чектелген коомунан толук өндүрүлгөндөн кийин райондук жер кадастрдык документтерине өзгөртүүлөрдү киргизсин.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнөн Жумгал районунун Таш-Дөбө айыл аймагынын «Кош-Булак» өрөөнүндө жайгашкан №535, №536, №537, №538, №539, №540 контурлары кирген жалпы аянты 3,70 га болгон жайыт фондусуна караштуу жер тилкесин суу сактоочу жай жана чакан ГЭСтерди куруу максатында «Кашка-Суу» өрөөнүнүн оозунда жайгашкан №594 контурундагы 2,40 га жерден 0,40 га жер ГЭС курууга бөлүнүп, суу фондусунун жерлерине которууга макулдук берүү жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө ушул жерлерди трансформациялоо маселесин киргизүү суралсын, жалпы аянты 11,10 га.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Таш-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы А.К.Мойноковго милдеттендирилсин.
Төрага | М. Мусаев |