Загрузка документа…
КЫЗЫЛ–КЫЯ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 17-марты № 5/14
Кызыл–Кыя шаарынын мэри Э.Топчубаевдин 2017-жылга иш аракеттеринин мерчемдери жана Кызыл-Кыя шаарынын 2017–2020–жылдарга социалдык–экономикалык өнүгүүсү боюнча Программасы жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап чыгып, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 15-июлундагы №101 Мыйзамынын 44-беренесинин 1-бөлүгүнүн 7)-пунктуна, 31-беренесинин 1-бөлүгүнүн 3)-пунктуна жана 59-беренесинин 2-бөлүгүнө негиз, Кызыл-Кыя шаарынын мэриясынын 2017-жылдын 17-февралындагы №01-8/231 кайрылуу катын эске алып, Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Кыя шаарынын мэри Э.Топчубаевдин 2017-жылга иш аракеттеринин мерчемдери жактырылсын.
2. Кызыл-Кыя шаарынын 2017–2020–жылдарга социалдык–экономикалык өнүгүүсү боюнча Программасы кабыл алынсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин төрайымы У.Дариповага жана шаардык кеңештин туруктуу комиссияларына жүктөлсүн
Төрайым | У. Дарипова |