Загрузка документа…
КЫЗЫЛ–КЫЯ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 17-марты № 5/15
Кызыл–Кыя шаарынын «Ак-Булак» жайыт пайдалануучулар бирикмесине АРИС аркылуу сатылып алынуучу атайын техникасына (автогрейдер) өздүк салым үчүн каражат бөлүп берүү жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап чыгып, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 15-июлундагы №101 Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүгүнө жана «Жайыттар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына негиз, Кызыл-Кыя шаарынын «Ак-Булак» жайыт пайдалануучулар бирикмесине караштуу жайыттардын инфраструктурасын жакшыртуу, жайыт пайдалануучуларга тийиштүү шарттарды түзүү максатында, Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агентствосунун (АРИС) «Мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү-2» долбоору аркылуу Кызыл-Кыя шаарынын жайыт пайдалануучулар бирикмесине сатып алына турган атайын техникасына өздүк салым үчүн атайын техниканын жалпы баасынын 25%ы Кызыл-Кыя шаарынын жергиликтүү бюджетинен бөлүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Кызыл-Кыя шаарынын «Ак-Булак» жайыт пайдалануучулар бирикмесине атайын техника (автогрейдер) сатып алуу боюнча тийиштүү документтерди даярдоо, мыйзамдын негизинде келишим түзүү Кызыл-Кыя шаарынын мэриясына жүктөлсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин бюджет, финансы, экономика жана инвестицияны тартуу маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жана Кызыл-Кыя шаарынын 1-вице-мэри А.Гапаровго жүктөлсүн.
Төрайым | У. Дарипова |