Загрузка документа…
К. БЕЛЕКБАЕВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 26-январы № 3/1
К.Белекбаев атындагы Алай айыл Өкмөт башчысын шайлоонун жыйынтыгы жөнүндө
Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 26-январындагы № 1 токтомунун негизинде, Кыргыз Республикасынын «Өз алдынча башкаруу жөнүндөгү » мыйзамынын 49-беренесинин 5-бөлүкчөсүнө ылайык 2017-жылдын 26-январында К.Белекбаев атындагы Алай айыл Өкмөтүнүн башчысын шайлоонун жыйынтыгы менен К.Белекбаев атындагы Алай айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. К.Белекбаев атындагы Алай айыл Өкмөтүнүн башчысы болуп айылдык Кеңештин депутуттарынын санынын көпчүлүк добушун алган Кеңеш уулу Бектурсун деп эсептелсин.
2. К.Белекбаев атындагы Алай айыл Өкмөт башчысы болуп көпчүлүк добушка ээ болуп шайланган Кеңеш уулу Бектурсун К.Белекбаев атындагы Алай айыл өкмөт башчысы кызматына дайындоо жөнүндө буйрук берүү жагы Алай райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын.
3. К.Белекбаев атындагы Алай айыл Өкмөт башчысы болуп шайланган 26.01.2017-жылындагы шайлоонун жыйынтыгы менен көпчүлүк добушка ээ болгон Кеңеш уулу Бектурсунга тийиштүү үлгүдөгү күбөлүк берүү жагы Алай аймактык шайлоо комиссиясынан суралсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык Кеңештин жооптуу катчысы К.Абдрамановага жүктөлсүн.
Төрага | М. Атабаев |