Загрузка документа…
ДӨБӨЛҮ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 27-марты № 6/2
Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2017-жылдын бюджетинин планына тазалык жыйым боюнча тарифин бекитүү жөнүндө
Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2017-жылдын бюджетинин планына тазалык жыйым боюнча ар бир түтүнгө тазалык жыйым өлчөмүн бекитүү максатында Дөбөлү айылдык кеңештин кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2017-жылдын бюджетинин планына тазалык жыйым боюнча ар бир түтүнгө 20 (жыйырма) сомдон тазалык жыйым өлчөмү киргизилсин. (Дөбөлү айыл өкмөтү боюнча 490 түтүндүн тазалык жыйымы 9800 (тогуз миӊ сегиз жүз) сом болуп бекитилсин.
2. Тазалык жыйымдардын төлөмдөрүн чогултуу жагы айыл өкмөтүн салык кызматкерине тапшырылсын.
Төрага | А. Бектемиров |