Загрузка документа…
ДӨБӨЛҮ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 24-августу № 34/1
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик каттоо комитетинин алдындагы ЖААК жана калкты каттоо департаменти менен Дөбөлү айыл өкмөтүндөгү келишимди бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мамлекеттик катоо комитетинин алдындагы ЖААК жана калкты каттоо Департаменти менен Дөбөлү айыл өкмөтүнүн ортосундагы түзүлгөн келишимди бекитүү жөнүндөгү маселени КР Конституциясын, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамдарынын негизинде Дөбөлү айыл Кенеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Райондук жарандык актыларын каттоо бөлүмүнө жарандардын туугандыгы актыны, никелешүү жөнүндөгү актыны, өлгөндүгү жөнүндөгү актыны, аталыкты аныктоо жөнүндөгү актыны каттоо жана чогултуу, документтерди алууга жана жыйноо боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына ыйгарым укук берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мамлекеттик каттоо комитетинин алдындагы ЖААК жана калкты каттоо Департаменти менен Дөбөлү айыл өкмөтүнүн ортосундагы келишими бекитилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы регламент, мыйзамдуулук, укук тартиби, депутатык этика комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | К. Исакова |