Загрузка документа…
ДӨБӨЛҮ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 29-сентябры № 35/3
Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Дөбөлү айылынын Ген.планын бекитип берүү жөнүндө
Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Дөбөлү айылынын Генералдык планы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө карштуу Архитектура, Курулуш жана Турак Жай-Коммуналдык чарба мамлекеттик агентиги тарабынан бүткөрүлүп келгендиктен айылдык депутаттардын маалыматтарын угуп, талкуулап, Дөбөлү айылдык кеңешинин кезексиз сесиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Дөбөлү айылынын Ген.планы бекитилсин.
2. Ген.планды Нарын райондук архитектура жана шаар куруу башкармасы жана тийиштүү мекемелер менен макулдашылсын.
3. Бул токтомдун аткаруу жагы Дөбөлү айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
Төрага | К. Исакова |