Загрузка документа…
ДӨБӨЛҮ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 29-сентябры № 35/2
Дөбөлү, Алыш, Кеңеш калктуу конушунун чек араларын тактоо жана бекитүү жөнүндө
Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын 04.10.2012-жылдагы №211-б буйругунун жана Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 14.04.2016-жылдагы №18-б буйруктарынын негизинде «Кыргызмамжердолбоор» долборлоо институтунун Нарын жерге жайгаштыруу экспедициясы тарабынан даярдалган Дөбөлү айыл өкмөтүнүн калктуу конушунун чек араларын тактоо жана бекитүү иш кагаздарын карап чыгып Дөбөлү айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Кыргызмамжердолбоор» долборлоо институтунун Нарын жерге жайгаштыруу экспедициясы тарабынан даярдалган материалында Дөбөлү айыл аймагынын Дөбөлү калктуу конушунун жалпы аянты 234,4га, Алыш калктуу конушунун жалпы аянты 70,0га, Кеңеш калктуу конушунун жалпы аянты 91,2га жалпы 395,6гектарды түзүп, калктуу конуштарынын чек аралар баяндамасына ылайык тактоодо жазылган сызык боюнча бекитилсин.
2. «Кыргызмамжердолбоор» долборлоо институтунун Нарын жерге жайгаштыруу экспедициясы тарабынан даярдалган материалында Дөбөлү айыл аймагынын калктуу конуштарынын жалпы жер аянтын аныктоо жана жерлерин инвентаризациялоо жумуштары жазалган материалдарына жана тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Нарын жерге жайгаштыруу экспедициясы тарабынан даярдалган материалдарынын негизинде Нарын аймактык жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармасына жерди эсепке алуу иш кагаздарына өзгөртүүлөрдү киргизүү тапшырылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл чарба, токой чарба, суу чарба, жашылдандыруу көрктөндүрүү энергетика жана өз алдынча башкаруу боюнча комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | К. Исакова |