Редакцияот 10.02.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТАЛДЫ-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Талды- Суу айылдык Кеңешинин 6- чакырылышынын кезектеги 3- заседаниеси

 

2017-жылдын 10-февралы № 3/2

Талды-Суу айыл өкмөтүнүн 2016-жылдын бюджетинин аткарылышы 2017-жылдын жергиликтүү бюджетин бекитүү жана 2017-2019- жылдарга бюджеттин болжолдуу планын бекитүү жөнүндө

"Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү" мыйзамынын 3-бөлүгүнүн 17-беренесинин 3-пунктуна ылайык Талды-Суу айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Талды-Суу айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2016-жылга кирешелер боюнча бекитилген планы 12 397 700миң сомго,такталган киреше бөлүгүнүн планы 22 904 829 миң сомго, киреше бөлүгүнүн аткарылгандыгы,чыгашалар боюнча 19 648 972 миң сомго аткарылгандыгы белгиленсин.

2. Талды-Суу айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2017-жылга карата киреше жана чыгаша бөлүгү 8 242 700 миң сомго бекитилсин.

3. Талды-Суу айыл өкмөтүнүнө бир каналу архивдик бөлмө куруу үчүн акча каражаты бөлүнүп сметага бекитилип берилсин.

4. Арча-Булак айылына жаңыдан ФАП куруу үчүн акча каражаты бөлүнүп сметага бекитилип берилсин.

5. Айыл өкмөттүн Арча-Булак айылына 1 штат бирдигине айыл башчы жана айыл өкмөтүнө 1 штат бирдигинде ВУС инспектору штаттык расписаниесине бекитилип берилсин.

6. Каралган бюджетти смета боюнча өз убагында аткарылышын камсыздоо жана көзөмөлдөө жагы туруктуу комиссияга жана айыл өкмөттүн каржы бөлүмүнүн башчысы А.Эргешовго милдеттендирилсин.

 

Төрайым

Э. Эргешбаева