Загрузка документа…
ТАЛДЫ-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 10-февралы № 3/3
Талды-Суу айыл өкмөтүнүн 2017-жылдын 1-январына карата калган калдык акча каражатын сметага бекитип берүү жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын бюджеттик укуктарынын негизги принциптери жөнүндөгү" мыйзамынын 17-статьясына ылайык Талды-Суу айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талды-Суу айыл өкмөтүнүн 2017-жылдын 1-январына карата калган калдык 5 654 710 миң сом акча каражатын 2017-жылдын сметасынын киреше жана чыгаша бөлүгүнө киргизип бекитип берилсин.
2. Арча-Булак айылына курулуп жаткан 2 тайпалуу 60 балага ылайыкташкан бала бакчага жаңыдан эмректерди жана жабдууларды сатып алууга акча каражатын бөлүп сметага бекитилип берилсин.
3. Талды-Суу айыл өкмөтүнүн китепканасын капиталдык ремонт кылуу үчүн акча каражатын бөлүнүп сметага бекитилип берилсин.
4. Талды-Суу айыл өкмөтүнүн аймагындагы айылдарда арык каналдарды тазалап,ички айыл арасындагы жолдорду тегиздеп шагыл төгүп,кыш мезгилинде кар күрөп жана башка чарбалык иштер үчүн АРИСпрограммасынын долбооруна киргизилген погрузчик экскватор сатып алуу үчүн акча каражатты бөлүнүп сметага бекитилип берилсин.
5. Каралган бюджетти смета боюнча өз убагында аткарылышын камсыздоо жана көзөмөлдөө жагы туруктуу комиссияга жана айыл өкмөтүн каржы бөлүмүнүн башчысы А.Эргешовго милдеттендирилсин.
Төрайым | Э. Эргешбаева |