АК-ТАЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Тал айылдык кеңешинин кезексиз 17-сессиясы
2015-жылдын 26-январы № 17/2
Ак-Тал айыл аймагында “КДКИ-III” Долбоорунун алкагында “Жакыр үй-бүлөөлөр тарабынан суу жээктерине тал теректерди тигүү боюнча” компонентин ишке ашыруу жөнүндө
Ак-Тал айыл аймагында “КДКИ-III” Долбоорунун алкагында “Жакыр үй-бүлөөлөр тарабынан суу жээктерине тал теректерди тигүү боюнча” компонентин ишке ашыруу максатында Ак-Тал айылдык Кенешинин сессиясы угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Тал айыл аймагынын чыгыш тарабынан Ак-Тал сай суусунун оң жээгинен, № 106 контурунда жайгашкан, 1 (бир) га жер аянты “КДКИ-III” Долбоорунун алкагында “Жакыр үй-бүлөөлөр тарабынан суу жээктерине тал теректерди тигүү боюнча” долбооруна ылайык 20 жылга коомдук парк болуп уюштурууга бөлүнүп берилсин.
2. Токтом боюнча тиешелүү документтерди даярдап мыйзам чегинде иш жүргүзүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жер жана агрардык реформа, курулуш, транспорт байланыш тармагынын төайымы Ж.Турдуманбетовага тапшырылсын.
Төрага | М. Алыбаев |