АК-ТАЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Тал айылдык кеңешинин кезексиз 17-сессиясы
2015-жылдын 26-январы № 17/3
Ак-Тал айыл аймагында атайын шагыл алуу үчүн жер жана таштанды төгүүчү жай ачуу жөнүндө
Ак-Тал айыл аймагында атайын шагыл алуу үчүн жер жана таштанды төгүүчү жай ачуу максатында Ак-Тал айылдык Кеңешинин сессиясы угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Тал айыл аймагында элдин муктаждыгын канааттандыруу максатында, курулуш материалы катары кум, шагыл алуу үчүн Ак-Тал айылынын чыгыш тарабынан Нарын-Баетова жолундагы автоунаа өтүүчү чоң көпүрөнүн кесилишинен сол тарабынан 500 (беш жүз) метр аралыктагы 0.05 га жер участогу бөлүнүп берилсин.
2. Ак-Тал айыл аймагынын чыгыш тарабынан Нарын-Баетова жолундагы автоунаа өтүүчү чоң көпүрөнүн кесилишинен Өрдөш өрөөнүнө кетүүчү жолдун сол тарабынан 300 (үч жүз) метр аралыктагы жер участогунан атайын таштанды төгүүчү жай үчүн 0,037 га жер бөлүнүп берилсин.
3. Токтом боюнча тиешелүү документтерди даярдап мыйзам чегинде иш жүргүзүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жер жана агрардык реформа, курулуш, транспорт байланыш тармагынын төрайымы Ж.Турдуманбетовага тапшырылсын.
Төрага | М. Алыбаев |