Загрузка документа…
АК-ТАЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Тал айылдык Кеңешинин кезектеги 18-сессиясы
2015-жылдын 27-февралы № 18/3
ИСКАКБ “Ак-Тал-Сай” 2014-жылдын бюджетинин аткарылышы жана 2015-жылдын бюджетин жана таза суунун тарифин бекитүү жөнүндө
“Ак-Тал-Сай” ИСКАКБнин бухгалтери М.Абдылдаеванын 2014-жылдын бюджетинин аткарылышы жана 2015-жылдын бюджетин, суунун тарифинин долбоору тууралуу билдирүүсүн угуп жана талкуулап депутаттардын Ак-Тал айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Ак-Тал-Сай” ИСКАКБнин 2014-жылдын бюджетинин аткарылышы жөнүндө бухгалтери М.Абдылдаеванын отчету канааттандырарлык деп белгиленсин.
2. 2015-жылы ичүүчү суунун тарифи түзүлгөн долбоорго ылайык жан башына 20 (жыйырма) сомдон бойдон калсын.
3. Ичүүчү суунун 2006-2014-жылдардагы төлөм каражаттарын тактап берүү жагы М.Абдылдаевага милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы социалдык, финансы жана бюджет боюнча тармактык комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | М. Алыбаев |