Загрузка документа…
АК-ТАЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Тал айылдык Кеңешинин кезектеги 18-сессиясы
2015-жылдын 27-февралы № 18/4
Ак-Тал айылынын Жайыт Пайдалануучулар Бирикмесинин төрагасы Э.Сатаровдун билдирүүсү жөнүндө
Ак-Тал айыл аймагынын Жайыт Пайдалануучулар Бирикмесинин төрагасы Э.Сатаровдун билдирүүсүн угуп жана депутаттардын сын-сунуш, пикирлерин угуп жана талкуулап, Эл депутаттарынын Ак-Тал айылдык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Тал айылынын жайыт комитетинин төрагасы Э.Сатаровдун 2012-жылда аткарган иштери жана отчету канааттандырарлык белгиленсин.
2. Ак-Тал айыл аймагындагы жайыт пайдалануучулар бирикмесинин Жайыт Комитетинин 2015-жылга карата түзүлгөн бюджети, иш планы жана башкаруу планы бекитилсин.
3. 2015-жылы жайыт акы мал башына төмөндөгүдөй болуп;
1. уй, жылкы,төө, эшек - 1 башка 85 сомдон
2. тай, торпокко - 1 башка 57 сомдон
3. кой – эчкиге - 1 башка 17 сомдон деп бекитилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Тал айыл аймагынын өкмөт башчысы Р.Аалыбаевге тапшырылсын.
Төрага | М. Алыбаев |