Загрузка документа…
АК-ТАЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Тал айылдык Кеңешинин кезектеги 18-сессиясы
2015-жылдын 27-февралы № 18/5
Ак-Тал айыл аймагынын жашоочусу Сатаров Эркинбектин арызы жөнүндө
Ак-Тал айыл аймагынын өкмөт башчысы Р.Аалыбаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ак-Тал айылдык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Тал айыл аймагынын жашоочусу Сатаров Эркинбектин арызы канааттандырылып, Орто-Сырт жайлоосундагы Кыр – Таш участкасындагы эски сарайдын ордуна кайра сарай салууга уруксат берилсин.
2. Сарай салуу үчүн участогун мыйзамдын негизинде Ак-Талаа райондук архитектура жана шаар курулуш башкармалыгынан жана мамлекеттик каттоо башкармалыгынан суралсын.
3. Токтом боюнча тиешелүү документтерди даярдап, мыйзам чегинде иш жүргүзүү арыз ээси Сатаров Эркинбекке милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Тал айыл аймагынын өкмөт башчысы Р.Аалыбаевге тапшырылсын.
Төрага | М. Алыбаев |