Редакцияот 27.04.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-ТАЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Ак-Тал айылдык Кеңешинин кезексиз 19-сессиясы

 

2015-жылдын 27-апрели № 19/2

Ак-Тал айыл жашоочусу Жайыт Пайдалануучулар Бирикмесинин жайыт комитетинин төрагасы Сатаров Эркинбектин арызы жөнүндө

Ак-Тал айыл аймагынын Жайыт Пайдалануучулар Бирикмесинин жайыт комитетинин төрагасы Сатаров Эркинбектин арызы угуп жана талкуулап, депутаттардын Ак-Тал айылдык Кеңешинин сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ак-Тал айыл аймагында малды ар кандай жугуштуу ооруларынын алдын алуу максатында И.Жусубалиев көчөсүндөгү кампанын чыгыш тарабынан 15 сотых жер участогу айылдык ветеринардык клиника салуу үчүн бөлүнүп берилсин.

2. Курулуш куруучуга уруксатсыз курулуш иштерин жүргүзүүгө тыюу салынаары эскертилсин.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жер жана агрардык реформа, курулуш, транспорт байланыш тармагынын төрайымы Ж.Турдуманбетовага тапшырылсын.

 

Төрага

М. Алыбаев