Редакцияот 29.07.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БЕКМОЛДО АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Бекмолдо айылдык Кеңешинин 6-чакырылышынын кезексиз сессиясы

 

2016-жылдын 29-июлу № 221

“Жер-Үй” Алтын кени тарабынан киреше бөлүгүнүн планынан ашкан 157 242 232 сом эркин каражатты максаттуу пайдалануу жөнүндө

Күн тартибине коюлган маселени карап жана талкуулап чыгып, айылдык кеңештин сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Бекмолдо айыл өкмөтүнүн каржы бөлүмүнүн милдетин аткаруучу М.Стамалиевдин кайрылуусу канааттандырылсын.

2. ”Мектептеги окуучуларды тамактандырууну оптималдаштыруу программасынын “алкагында 2014-2015-окуу жылында Г.Орозалиева, Жумагул уулу Алымкул, А.Бөрүбаев атындагы орто мектептердин ашканасынын ремонтунун карыздарын төлөө үчүн жеке ишкер Керимбеков Т. 138 420 ( жүз отуз сегиз миң төрт жүз жыйырма) сом акча каражаты 157 242 232 сомдун ичинен бөлүнүп берилсин.

3. Бул токтомду аткаруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин аткаруучу С.Өмүралиевага милдеттендирилсин.

 

Төрага

К. Орозалиев