Редакцияот 29.07.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БЕКМОЛДО АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Бекмолдо айылдык Кеңешинин 6-чакырылышынын кезексиз сессиясы

 

2016-жылдын 29-июлу № 223

“Жер-Үй” Алтын кени тарабынан киреше бөлүгүнүн планынан ашкан 157 242 232 сом эркин каражатты максаттуу пайдалануу жөнүндө

Күн тартибине коюлган 28.07.2016-жылдын Бекмолдо айыл аймагындагы Кара-Ой айылынын жалпы элдик жыйынын протоколун карап жана талкуулап чыгып, айылдык кеңештин сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кара-Ой айылынын жаңы конуштарга электро чубалгыларды тартуу үчүн 2 500 000 (эки миллион беш жүз миң) сом акча каражаты 157 242 232 сомдун ичинен бөлүнүп берилсин.

2. Бул токтомду аткаруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин аткаруучу С.Өмүралиевага милдеттендирилсин.

 

Төрага

К. Орозалиев