Редакцияот 29.07.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БЕКМОЛДО АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Бекмолдо айылдык Кеңешинин 6-чакырылышынын кезексиз сессиясы

 

2016-жылдын 29-июлу № 224

“Жер-Үй” Алтын кени тарабынан киреше бөлүгүнүн планынан ашкан 157 242 232 сом эркин каражатты максаттуу пайдалануу жөнүндө

Күн тартибине коюлган 28.07.2016-жылдын Бекмолдо айыл аймагындагы Кара-Ой айылынын жалпы элдик жыйынын протоколун карап жана талкуулап чыгып, айылдык кеңештин сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кара-Ой айылындагы Жакып Молдосанов атындагы балдар бакчасын толук ремонттон өткөрүү үчүн 2 000 000 (эки миллион) сом акча каражаты 157 242 232 сомдун ичинен бөлүнүп берилсин.

2. Бул токтомду аткаруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин аткаруучу С.Өмүралиевага милдеттендирилсин.

 

Төрага

К. Орозалиев