Редакцияот 29.07.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БЕКМОЛДО АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Бекмолдо айылдык Кеңешинин 6-чакырылышынын кезексиз сессиясы

 

2016-жылдын 29-июлу № 231

“Жер-Үй” Алтын кени тарабынан киреше бөлүгүнүн планынан ашкан 157 242 232 сом эркин каражатты максаттуу пайдалануу жөнүндө

Күн тартибине коюлган 20.07.2016- жылдын Бекмолдо айыл аймагындагы Сасык-Булак айылынын жалпы элдик жыйынын протоколун карап жана талкуулап чыгып, айылдык кеңештин сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жаратылышты коргоо жана токой тармагын өнүктүрүүнүн “Талас” жергиликтүү фондунун эсебинде турган 1 000 000 сом өлчөмүндөгү акча каражатын Бекмолдо айыл аймагынын пайдасына өндүрүп алынган акча каражатына айыл тургундарынын муктаждыктарын жоюу иретинде эксковатор-погрузчик “Беларус” 952.2 үлгүсүндөгү техника 2 600 000 сатып алууда жетпей жаткан 1 600 000 (бир миллион алты жүз миң) сом акча каражаты 157 242 232 сомдун ичинен бөлүнүп берилсин.

2. Бул токтомду аткаруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин аткаруучу С.Өмүралиевага милдеттендирилсин.

 

Төрага

К. Орозалиев