Редакцияот 29.07.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БЕКМОЛДО АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Бекмолдо айылдык Кеңешинин 6-чакырылышынын кезексиз сессиясы

 

2016-жылдын 29-июлу № 239

Хан-Бүргө атындагы орто мектебинин директору Н.Момоконовдун кайрылуусу жөнүндө

Күн тартибине коюлган маселени карап жана талкуулап чыгып, айылдык кеңештин сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Хан-Бүргө атындагы орто мектебинин директору Н.Момоконовдун кайрылуусу канааттандырылсын.

2. Хан-Бүргө атындагы орто мектебинин жанында бош жаткан 0,20 га жерди курулуш орду мектептин балансына киргизилсин.

3. Бул токтомду аткаруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин аткаруучу С.Өмүралиевага милдеттендирилсин.

 

Төрага

К. Орозалиев