Загрузка документа…
БУДАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Будалык айылдык кеңешинин 6- чакырылышынын кезектеги 3-заседаниеси
2016-жылдын 8-июлу № 3/5
Будалык айыл өкмөтүнүн аймагындагы айыл чарба малдарына жайыт төлөмдөрүнүн баасын малдын башына карай белгилөө жөнүндө
Будалык айыл өкмөтүнүн аймагында айыл чарба малдарына жайыт төлөмдөрүнүн баасын белгилөө максатында Будалык айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Будалык айыл өкмөтүнүн аймагында айыл чарба малдарына жайыт төлөмдөрүнүн баасы төмөндөгүдөй белгиленсин.(ар бир малдын башына)
· Кой, эчкиге 10 сомдон
· Жылкыга 50 сомдон
· Уйларга 50 сомдон
2. Будалык айыл аймагына жана алыкы жайыттарга сырттан келген малдарга 3 айлык жайлоо мезгилинде
· Кой, эчкиге 20 сомдон
· Жылкыга 50 сомдон
· Уйларга 50 сомдон
3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу, жайыт төлөмдөрүн топтоп өз убагында тиешелүү мекемелерге төгүп, отчетун берип туруу жайыт комитетине милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын туруктуу комиссияга милдеттендирилсин.
Төрага | С. Рахматов |