Загрузка документа…
ЖАҢЫ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 22-августу № 28/1
Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүгүнө 2016-жылдын 8 айына өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Жаңы-Алай айылдык округунун айылдык Кеңешинин 5-чакырылышынын кезексиз заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
I. «Кыргыз Республикасынын бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндөгү» Мыйзамынын 15-беренесине ылайык, Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүгүнүн 2016-жылдын 8 айына төмөндөгү үнөмдөлгөн бөлүмдөрдүн беренелеринен зарыл болгон бөлүмдөрдүн беренелерине керектөөсүнө жараша төмөнкүдөй жылдырылсын.
Бөлүм | Бөлүмдүн аталышы | Беренелердин аталышы | берене | Бардыгы | 2016-жылдын 8 айына | |
көбөйтүү | азайтуу | |||||
701 | Аппарат | Таш көмүр сатып алуу | 2224 | 17,1 | 17,1 | |
Аппарат | Башка курулмаларды капиталдык оңдоо | 3111 | 64,4 | 64,4 | ||
708 | Клуб | Башка кызматтарга акы төлөө менен байланышкан бөлөк чыгымдар | 2215 | 60,0 | 60,0 | |
709 | Дет.сад | Таш көмүр сатып алуу | 2224 | 18,6 | 18,6 | |
709 | Школа | Таш көмүр сатып алуу | 2224 | 88,7 | 88,7 | |
Бардыгы: | 124,4 | 124,4 | ||||
II. Жогорудагы акча каражатын 2016-жылдын 8 айына бекитилген сметасынын чыгаша бөлүгүнө өзгөртүү киргизип берүү жагы Алай райондук финансы бөлүмүнөн суралсын.
III. Өзгөртүү киргизилген акча каражатын мыйзамдуу, максаттуу жумшоо жана ушул токтомдун аткарылышын ФЭБ башчысынын убактылуу милдеттерин аткаруучу Т. Нуридиновго милдеттендирилсин.
IV. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөт башчысы А. Исмаиловго милдеттендирилсин.
Төрага | З. Эрматов |