Загрузка документа…
ЖАҢЫ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 22-ноябры № 31/3
Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн балдар бакчаларында иштеген кызматкерлерден түшкөн атайын каражатты жана анын чыгаша бөлүгүн 2016 – жылдын IV-кварталына планга киргизүү жөнүндө
Жаңы-Алай айылдык округунун айылдык Кеңешинин 5-чакырылышынын кезексиз 31 заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Кыргыз Республикасынын бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндөгү» Мыйзамынын 17-беренесине ылайык, Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн балдар бакчаларында иштеген кызматкерлерден түшкөн атайын каражат IV-кварталдын планына киргизилсин.
Бөлүм | Бөлүмдүн аталышы | Беренелердин аталышы | берене | Бардыгы | IV-кварталга көбөйтүү суммасы |
709 | Бала бакча | Мектепке чейинки жана мектеп мекемелеринин кошумча кызматы үчүн акы | 14232400 | 19,4 | 19,4 |
2. Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн балдар бакчаларында иштеген кызматкерлерден түшкөн атайын каражат IV-кварталдын планына киргизилип, төмөнкү беренелерден чыгымдалсын.
Бөлүм | Бөлүмдүн аталышы | Беренелердин аталышы | берене | Бардыгы | IV-кварталга көбөйтүү суммасы |
709 | Бала бакча | Тамак-аш азыктарын алуу | 22181100 | 19,4 | 19,4 |
Бардыгы: | 19,4 | 19,4 | |||
3. Жогорудагы балдар бакчаларда иштеген кызматкерлерден түшкөн атайын каражатты 2016-жылдын IV-кварталдын планына киреше жана чыгаша бөлүктөрүнө өзгөртүү киргизип берүү жагы Алай райондук финансы бөлүмүнөн суралсын.
4. Өзгөртүү киргизилген акча каражатын мыйзамдуу, максаттуу жумшоо жана ушул токтомдун аткарылышын ФЭБ башчысынын убактылуу милдеттерин аткаруучу Т. Нуридиновго милдеттендирилсин.
5. Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөт башчысы А. Исмаиловго көзөмөлдөө туруктуу комиссияга милдеттендирилсин.
Төрага | З. Эрматов |