Загрузка документа…
ЖАҢЫ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 24-ноябры № 32/2
Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүктөрүнө 2016-жылдын IV-кварталына өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Жаңы-Алай айылдык округунун айылдык Кеңешинин 5-чакырылышынын кезексиз 33- заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Кыргыз Республикасынын бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндөгү» Мыйзамынын 17-беренесине ылайык, Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн 2016-жылдын IV-кварталы үчүн бекитилген жергиликтүү бюджетинин (13311200) теңөөчү грантка төмөндөгүдөй өзгөртүү киргизилсин
Бөлүм | Бөлүмдүн аталышы | Беренелердин аталышы | берене | IV-квартал | |
көбөйтүү | азайтуу | ||||
701 | Аппарат | Теңөөчү грант | 13311200 | - 37,4 | |
Бардыгы: | - 37,4 | ||||
2. «Кыргыз Республикасынын бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндөгү» Мыйзамынын 17-беренесине ылайык, Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн 2016-жылдын IV-кварталы үчүн бекитилген жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүгүнүн төмөндөгү беренелерине өзгөртүү киргизилсин.
Бөлүм | Бөлүмдүн аталышы | Беренелердин аталышы | берене | IV-квартал | ||
көбөйтүү | азайтуу | |||||
701 | Аппарат | Эмгек акы | 2111 | - 25,2 | ||
Социалдык фондго төгүмдөр | 2121 | - 4,3 | ||||
Сапар чыгымдары | 2211 | - 3,3 | ||||
Телефондук жана факсималдык байланыш кызматын көрсөтүү | 2212 | - 2,9 | ||||
Учурдагы чарбалык максатка буюмдарды жана башка материалдарды алуу | 2222 | - 1,7 | ||||
Бардыгы: | - 37,4 | |||||
3. Жогорудагы акча каражатын 2016-жылдын IV-кварталына бекитилген сметасынын чыгаша бөлүгүнө өзгөртүү киргизип берүү жагы Алай райондук финансы бөлүмүнөн суралсын.
4. Өзгөртүү киргизилген акча каражатын мыйзамдуу, максаттуу жумшоо жана ушул токтомдун аткарылышын ФЭБ башчысынын убактылуу милдеттерин аткаруучу Т. Нуридиновго милдеттендирилсин.
5. Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөт башчысы А. Исмаиловго көзөмөлдөө туруктуу комиссияга милдеттендирилсин.
Төрага | З. Эрматов |