Загрузка документа…
ЖАҢЫ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 24-ноябры № 32/3
Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнө 2016-жылдын 12-айында бекитилген сметасына такталган планга өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Жаңы-Алай айылдык округунун айылдык Кеңешинин 5-чакырылышынын 32 заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Кыргыз Республикасынын бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндөгү» Мыйзамынын 17-беренесине ылайык, Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнүн 2016-жылдын 12 айына бекитилген сметасындагы төмөндөгү салыктын түрүнүн планына өзгөртүү киргизүү жагы каралсын.
Бөлүм | Беренелердин аталышы | берене | Бардыгы | 2016-жылдын 12 айына | |
көбөйтүү | азайтуу | ||||
1 | Салык агенти төлөөчү киреше салыгы | 11111100 | 30,0 | 30,0 | |
Бардыгы: | 30,0 | 30,0 | |||
2. Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүгүнүн 2016-жылдын 12 айына бекитилген сметвсынын төмөндөгү беренесинин такталган планга өзгөртүү киргизүү жагы каралсын.
Бөлүм | Бөлүмдүн аталышы | Беренелердин аталышы | берене | Бардыгы | 2016-жылдын 12 айына | |
көбөйтүү | азайтуу | |||||
709 | Орто мектеп | Имараттар жана курулмалар | 3111 | 30,0 | 30,0 | |
Бардыгы: | 30,0 | 30,0 | ||||
3. Жогорудагы акча каражатын 2016-жылдын 12 айына бекитилген сметасынын киреше жана чыгаша бөлүгүнө өзгөртүү киргизип берүү жагы Алай райондук финансы бөлүмүнөн суралсын.
4. Өзгөртүү киргизилген акча каражатын мыйзамдуу, максаттуу жумшоо жана ушул токтомдун аткарылышын ФЭБ башчысынын убактылуу милдеттерин аткаруучу Т. Нуридиновго милдеттендирилсин.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөт башчысы А. Исмаиловго милдеттендирилсин.
Төрага | З. Эрматов |